“Натурадан сүрөт тартуу” боюнча мастер класс

Нарын ш. №8 А. Буйлаш уулу атындагы орто мектептин директору А.Ж. Усубалиев “Көркөм билим берүү” адистигинен студенттерине “Натурадан сүрөт тартуу” боюнча мастер класс өтүүдө.

Нарын мамлекеттик университетинин адистиктери көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өтүштү

Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин Аккредитациялык кеӊешинин 8-май, 2018-жылдагы отурумунда С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 550600 – “Көркөм билим берүү”, 670300 – “Транспорттук процесстердин технологиясы”, 520800 – “Экология жана жаратылышты пайдалануу”, 532000 – “Дене тарбия” адистиктерин 5 жылга аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

Аталган адистиктерди аккредитацияга даярдоо иштери 2017-жылдын октябрь айында башталган. Өткөн 7 айдын ичинде атайын иштелип чыгып, бекитилген пландын негизинде ишмердик жүргүзүлдү. 2018-жылдын 10-11-апрелинде көз карандысыз аккредитациянын жыйынтыктоочу этабы – тышкы экспертиза жүргүзүлүп, республикалык жана эл аралык эксперттер Нарын университетинин окуу ишмердиги менен жеринен таанышып, баалап кетишкен.

Университеттин кызматкерлери көз карандысыз аккредитациянын окуу жайдын ишмердигин жакшыртууга чоӊ салым кошорун, окуу жайдын өнүгүшүнө стимул берерин белгилеп жатышат.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жалпы жамаатын аккредитациядан ийгиликтүү өтүшүбүз менен куттуктайбыз!

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр цивилизациясы: кечээ, бүгүн жана эртең» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

2018-жылдын 10-11-майында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде Аймактарды өнүктүрүү жылына, Нарын шаарынын 150, Жусуп Мамайдын 100, Нарын облустук «Теңир Тоо» коомдук саясий гезитинин 80 жылдыгына, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына жана Нарын мамлекеттик университетинин 22 жылдыгына карата «Көчмөндөр цивилизациясы: кечээ, бүгүн жана эртең» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын ишине Республиканын таанымал окумуштуулары, КР Өкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ибраева Жаркын Бейшенбиевна, Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмил Абраимович жана Нарын шаардык Кеңешинин спикери Ботоканов Жыргал Ботоканович жана Республиканын ЖОЖдорунун аспиранттары жана магистранттары катышты. Пленардык жана секциялык отурумдарда 50гө жакын илимий докладдар жасалды. Илимий баяндамаларда Аймактарды өнүктүрүү, Нарын шаарынын тарыхы, Теңир-Тоо саясий коомдук гезитинин тарыхын баяндаган видеоролик, Улуу манасчы Жусуп Мамай тууралуу кыска фильм, III Көчмөндөр оюндары жана Нарын мамлекеттик университетинин 22 жылдык тарыхы тууралуу презентациялар көрсөтүлүп, илимий баяндамалар окулду. Конференциянын алкагында  Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган «Тоо койнундагы менин шаарым (айылым)» аттуу эссе жана видеороликтердин кароо сынагынын, Студенттин алгачкы илимий иши (САИИ) республикалык конкурсунун  жыйынтыгы чыгарылып, спонсорлордун акчалай белектери тапшырылды.   Төрт секция иш алып барып, конференциянын соңунда катышуучуларга сертификат тапшырылып, резолюция кабыл алынды. Конференция Нарын облустук телеберүүсү жана Теңир-Тоо гезити аркылуу чагылдырылды.