Кафедра жөнүндө

Кафедранын башчысы педагогика илимдеринин доктору, профессор Сияев Таштанбек Монолдорович.

Кафедранын максатыЖогорку квалификациялуу адистерди даярдап

эмгек рыногуна сунуштоо.

Кафедра тиешелүү окуу куралдары менен толук жабдылган жана ар бир предметтер боюнча окутуучулар тарабынан жумушчу программалар, силлабустар, студенттердин өз алдынча иштери боюнча методикалык көрсөтмөлөр иштелип чыгууда.

Студенттердин илимий жактан кызыгууларын арттыруу максатында “ Жаш педагог” кружогу уюштурулуп, студенттер арасында олимпиадаларга, илимий конференцияларга, кечелерге катышуда.  Кафедрада сабактар учурдун талабына ылайык интерактивдүү методдор менен өтүлүп келет.

«Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы” адистиги

Ар бир инсан биринчи тамга тааныткан, билим илимдин башатын үйрөткөн устаты менен сыймыктанат ошол эле учурда абдан жогорку деңгээлдеги профессионалдык даярдыкты, таза аруу адамдык касиеттерге, мүнөздөргө калыптанууну талап кылат. Башталгыч мектептин мугалимдеринин эң башкы айырмачылыгы –өзүнүн кесибин жогору баалоо жана жеткинчектерди сүйүү, алардын жан дүйнөсүн терең түшүнүү.

Педагогика жана мектепке чейинки билим берүүнүн методикасы

Мектепке чейинки билим берүү адистигинин кадрлары бийик профессионалдык курамды түзүшү керек жана алар кесиптик-педагогикалык баалуулуктардын жаңы системасын алып жүрүүгө, деңгээли жогорку кесиптик компетенттүүлүккө жооп берген, өзүн-өзү жана инсанды кесиптик өнүктүрүүгө жөндөмдүү, педагогикалык чыгармачылыкта өзүн көрсөтө алган кадрлардан болуусу керек.

 “Көркөм билим берүү ”  адистиги

Ар бир илимдин өзүнө таандык өзгөчөлүкт өрү болгондой эле, көркөм  өн өр исскуствосунун дагы өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар. Ар бир эл, улут өзүнүн көркөм маданиятын окуу үйрөнүү жана өркүндөтүү үчүн дүйнө элдеринин көркөм маданиятын окуп үйрөнүүдө жаш өспүрүмдөрдүн келечекке болгон көз караштарын калыптандырат.

Кафедра  теоретикалык билимди педагогикалык практика менен айкалыштыруу максатында орто мектептер  менен  келишимдерди түзгөн. Анын негизинде педагогикалык жана дипломдук практика базалык мектептерде тажрыйбалуу методист мугалимдердин жана кафедранын окутуучуларынын жетекчилги астында жүргүзүлөт.